ЭТО ИНТЕРЕСНО

Бээжин полициясы түтүнгө каршы күрөшөт


Кытайдын борбору Бээжинде абанын булгануусуна каршы күрөшүү үчүн атайын полиция күчтөрү түзүлөт. Энергиянын басымдуу бөлүгүн азырынча көмүрдөн алып жаткан Кытайдын ири шаарларын кара түтүн каптап, абанын булганганы учурдагы олуттуу көйгөйлөрдүн бири.


Кытайдын Метеорология боюнча улуттук мекемеси борбор Бээжинде күндү көргөзбөгөн кара түтүндөн улам акыркы ирет өткөн аптада эле беш күн бою абанын булгануусу боюнча эскертүүсүнүн деңгээлин эң жогорку - экинчи баскычта кармап турду. Кытайда адатта абанын булганышын төрт баскычтык чек менен баалашат. 

Асманды жапкан кара түтүнгө жаңы жыл күндөрү борбор Бээжин эле эмес, өлкө түндүгүнүн бир катар аймактары да туш болду. Мунун негизги себептеринин бир өлкөдө кышында көмүрдү колдонуу жана жагуу көбөйгөнү. 




Акыркы үч жылдан бери кытай бийликтери абанын булгануусуна каршы айрым кескин кадамдарды жасап, тиешелүү мыйзамдар толукталып, күчөтүлгөнү менен бул күтүлгөндөй натыйжа бербей жатканын расмий өкүлдөр мына ошол мыйзамдарды ишке ашыруучу кызматкерлердин жетишсиздиги менен да түшүндүрүп келген. 

Ушундан уламбы 7-январдагы өкмөттүк жыйында Бээжиндин мэринин милдетин аткаруучу Цай Ци эми борбордо атайын ушул абанын тазалыгы үчүн күрөшүүчү полиция күчтөрү кураларын жарыялады:

 - Биз экологиялык полициянын бөлүмдөрүн түзөбүз. Алар айлана-чөйрөнү булгаган кылмыштуу ишмердикке каршы катаал чараларды көрөт, ага катар буга жол бербөө багытында аракеттенет. 

Мамлекеттик “Синхуа” агенттиги Бээжин мэриясына шилтеме берип экологиялык полиция ачык асман алдында шишкебек бышыргандарга, таштанды, биомассаларды өрттөгөндөргө каршы чара көрөрүн жазды.

"Синхуанын” ырастоосунда, Бээжиндин бийликтери быйылкы жылы борборду абаны булгаган кеминде 300 миң унаадан тазалоону, 500дөй завод-фабриканы жабууну да караштырууда. 

Булганыч газдардын абага бөлүнүшү боюнча норманы сактабаган бизнес ээлерине жана жергиликтүү бийликтерге каршы эми полицияны жана сотторду эми кеңири колдоно турганын буга чейин Кытайдын борбордук өкмөтү да убада кылган. 

Өлкөнүн айлана-чөйрөнү коргоо министри Чэн Цзинин 6-январда Бээжиндеги басма сөз жыйында төмөнкүлөргө токтолду: 

- 2013-жылга салыштырмалуу өлкөдө абанын сапаты 30% жакшырды. Бул биз айрым өнүккөн өлкөлөрдөн да ыкчам кетип жатабыз дегенди билдирет. Эгер биз эми алдыда прогресске жетишкибиз келсе, абага булганыч газдардын бөлүнүшүн кыскартуубуз абзел. Бирок булганыч газдар эч бир аракетсиз эле кыскартыла турган сан эмес. Анын артында экономикалык жана социалдык факторлор жатат. Алар илимий эмес (экономиканын) индустриалдык структурасы, илимий эмес энергетикалык структурасы, жашоо стандаттардын жакшыруусунан улам айлана-чөйрөгө маани бербеген жашоо жолоюу. 

Экономикасынын өсүү ыргагын 2000-жылдардын башындагы 10% азыр 6,5% чейин басаңдатып, 2020-жылга карата энергиянын калыбына келип туруучу булактарын көбөйтүп, 15% жеткирүү үчүн 350 миллиард доллардан ашуун каражат сарптарын айтып жаткан Кытай азырынча дүйнөдө көмүрдүн эң ири керектөөчүсү бойдон калууда.

Адистер менен эл аралык уюмдардын буга чейинки эсептөөлөрү энергияга жалпы муктаждыгынын 60% жакынын көмүр менен жапкан Кытай жылына 3 миллиард тоннадан ашуун кара алтын керектерин же дүйнөдө бир жылда жагылган көмүрдүн жарымын колдонорун көргөзгөн. 

Greenpeace уюмунун жазганына караганда, 2015-жылдын жыйынтыгы менен Кытайдын 300гө жакын шаары абанын сапаты боюнча улуттук стандарттарды аткара албай калган. 

Аба курамындагы булганыч заттардын Кытайда уруксат берилген көлөмү Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму мерчемдеген стандарттан үч эсе көптүк кылат.


Cсылка: http://www.azattyk.org/a/world_china_ecology_crisis/28221831.html

  • Поделиться ...


медиафайлы





Видеогалерея

Педагогические мастерские «ИКТ в образовании: Современный учитель в цифровом пространстве»


Башкалаада VII Билим Фестивалынын экинчи күнү болуп өттү


Бишкекте VII Билим Фестивалы өтөт


VII Фестиваль образования ждет тебя!