НОВОСТИ

Башкалаада VII Билим Фестивалынын экинчи күнү болуп өттү

13-апрелде жана 4-майда Бишкек шаарында «Кыргызстандагы санариптик муун: билим берүүдөгү Маалыматтык Коммуникациялык Технология (МКТ) жана IT билим берүүсү» деген темадагы эки күндүк VII Билим Фестивалы өттү.

 

Билим Фестивалы – бул эң кеңири аудиторияга, алардын ичинде балдарга, өспүрүмдөргө, студенттерге жана ата-энелерге арналган майрам. 

4-майда, Билим Фестивалынын экинчи күнү 16 билим берүү аянтчаларынан түзүлдү. Аталган аянтчалар Курманжан Датка эстелигинин айланасында жайгашты, алардын арасында Эмен паркы, Эмен паркынын галлереясы, Балдардын жана өспүрүмдөрдүн «Сейтек» Улуттук Борбору, К. Баялинов атындагы Республикалык китепкана, Ч. Айтматов атындагы Орус драма театрында болду. Иш-чарага Бишкек шаарындагы 150дөн ашык билим берүү мекемелери жана окуу жайлары катышты. 

Салтанаттуу ачылышына КРнын вице – премьер-министри Өмүрбекова А.С., Бишкек шаарынын вице-мэри Т.Кузнецова, “Сорос-Кыргызстан” фондусунун директору Ш. Ибрагимов, ответственный секретарь Национальной комиссии КРнын ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиясынын жооптуу катчысы Солтонгельдиева С., “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондусунун аткаруучу директору Д. Кендирбаева катышты. 

Салт боюнча Курманжан Датка эстелигинин алдындагы негизги концерттик сценада күнү бою балдардын чыгармачылык борборлорунун бий жамааттары, «Kg Tai junior» вокалдык топ өзүлөрүнүн чыгармачылыгын көрсөтүштү. Ошондой эле атамекендик эстрада ырчылары чыгып ырдашты: Юлия Руцкая, Аско, Бек Исраилов, Анжелика, Адик Жумабеков, Динара Акулова, Ильяс Андаш, Баястан ж.б.

Эмен паркынын аркы жагында, Маркс менен Энгельстин эстелигинин алдында - бий аянтчасында кечке чейин бий топтору тарабынан Фестивалдын катышуучулары менен меймандарынын бүйүрүн кызыткан номерлер болду: "MDA Movement Dance Academy", Dj ASPRO, MC Twin Mount, SKILLS Dance Studio, Dance Studio "YO GENERATION" ж.б.

«IT жана Z мууну» аянтчасы Эмен Паркынын галереясында орун алып, 15тен ашык уюмдун катышуучулары өзүлөрүнүн презентацияларын өткөрүштү. Атайын жабдылган аянтчадагы Led экранда роботтордун согуш оюндары, медиасабаттуулук жана жаңы көндүмдөрү боюнча чебер-класстар, робот техникасынын жетишкендиктери көрсөтүлдү.

“Бул жерде ал гана эмес сүйлөй турган, ыр окуй турган робот бар, роботтор ары-бери басышат, бийлешет жана ал түгүл интервью беришет”, - дейт аянтчанын модератору, Code generation уюмунун өкүлү Анвар Муслимов.

Окуу жайлардын өкүлдөрү жаш ойлоп табуучуларга физика менен химиянын мыйзамдары жөнүндө студенттердин ой табууларынын жана иштеп чыккан техникалык эмгектеринин мисалында кызыктуу кылып айтып берип жатышты. Бул аянтчада экспонаттарды кол менен кармалап гана тим болбостон, ошондой эле эксперименттерге жекече катышууга да мүмкүнчүлүктөр болду.

“Бүгүн аталган аянтчаны 3000ден ашык меймандар келип көрүштү. Алар негизинен конструкторлорго, роботторго жана программалоого кызыккан балдар болушту. Ар бир каалоочу адам интеллектуалдуу оюндар менен баш катырмаларды ойноого, пжаңы иштелип чыккан программалар менен мобилдүү тиркемелердин презентациясын угууга, “акылдуу шлемди” кийип эксперименттерге байкоо жүргүзүүгө жана жадагалса робот менен пикир алышууга мүмкүнчүлүк алышты», - деп белгилейт “IT жана Z мууну”, аянтчасынын координатору Данияр Сүйүндүк уулу.

Дагы бир интерактивдүү аянтча болуп К.Баялинов атындагы Республикалык китепканада жайгашкан «Билимбектин IT лабораториясынын» алкагында таанып билүү лекцияларынын жана чебер-класстардын сериялары ийгиликтүү жана кызыктуу адамдар тарабынан бейформал жагдайда уюштурулду. Жарандык сектордун активисттери жаштар менен кыргыз тилинде мотивациялык жолугушуу өткөрүштү. Ата-энелер үчүн "Z муундагы балдарды тарбиялоо боюнча ата-энелик саат" уюштурулуп, ал эми билим берүү системасынын өкүлдөрү: “Мобилдүү технологиялар жана алардын колдонулушу” темасындагы чебер-класстарга катыша алышты. 

Чебер-класстын катышуучулары өзүлөрүнүн ой-пикирлери менен бөлүшүп, мындай деп баса белгилешти: “Албетте сөз жок бул Фестиваль IT боюнча билимдердин маанилүүгүн түшүнүүгө жана өлкөдө таратууга, ошондой эле жаштар менен улууларды күндөлүк турмуштагы санариптешүү процесстерине тартууга, ошону менен бирге бүгүнкү реалдуулуктагы ажырагыс бир бөлүгүнө айлантууга карата маанилүү аянтча болуп эсептелет деп айтсак жаңылышпайбыз”.

“Rails Girls” жана «Код сааты» чебер-класстары балдар менен кыздарды программалоонун алиппеси менен тааныштырып, ар бир каалоочу сайттар менен веб-тиркемелердин түзүлүшү тууралуу билип, жөнөкөй блог платформасын түзүүгө ж.б.у.с. аракет кылышты.

IT Академиянын өкүлү Гүлзада Ургуналиеванын сөзү боюнча: “Фестиваль жаш программисттер жана программа иштеп чыгуучулар үчүн эң мыкты билим берүү аянтчасы болду. Анда алар чебер-класстарга катышуу менен маалымат технологиялары жана программалоо тармактарында өз тажрыйбаларын бөлүшүштү».

Билим Фестивалынын жүзү болуп эсептелген билим берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн жарманкеси “Убакытты акылдуулук менен пайдалануу: китептер жана оюндар” аянтчасын кошкондо өзүнүн айланасына 70ден ашык билим берүү мекемелерин жана окуу жайларын камтый алды. Алар жарнамалык стенддерди, буклеттерди, проспектилерди, адистиктердин тизмеги жана кабыл алуунун шарттары тууралуу таркатма материалдарды таратышты. 15 000ден ашык меймандар катышуучулардын чатырларына кирип чыгышты. Алардан меймандар ар кыл мини-квест, чебер-класс, викториналарга катышып, өзүлөрүнүн тигил же бул тармактагы билимин демонстрациялай алышты жана байгелерге ээ болушту.

- Менин балдарым, өзүм баш болуп бул жерде болуп жаткандарга ушунчалык кубанычтарыбыз койнубузга батпай турабыз – дешет окуучулардын ата-энелери – Фестиваль билим берүү борборлору менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк түзөт экен. Балага сүйүктүү сабагын табууга жана ийримдерин тандап алууга болот экен. Бул жерде мен мурда билбеген билим берүү уюмдары ушунчалык көп экен!

Негизги сценадан алыс эмес жерде автошаарча жайгашып, анда балдар кичи автомобилдерди айдоо боюнча симуляциялык оюндарга катыша алышты. Ал эми ГУОБДД кызматкерлери катышуучуларга жолдо жүрүүнүн эрежелери тууралуу ар кыл жана балдарга жеткиликтүү формада айтып беришти.

Курманжан Датканын эстелигинен тартып Эмен паркынын галереясына чейин аллеяны бойлото кеткен "Билимбектин жомоктогу лабораториясы" Фестивалдын эң жаш катышуучуларын топтоду. 11ден ашык балдардын чыгармачылык борборлору жана жаш техник Станциясы роботехника, авиамоделдөө, квиллинг, чопо фигураларды кооздоп боёо, чекиттик живопись ж.б.д.у.с. кызыктуу чебер-класстардын сериясын өткөрүштү. Ошондой эле аянтчада экологиялык лагерь, аркан-жип шаарчасы орун алды жана Республикалык балдардын жана жаштардын экология борбору тарабынан таштандыларды чогултуу боюнча чебер-класстар тартууланды. Ч. Айтматов атындагы Орус драма театрынын фойесинде “Алтын түйүн” балдардын инженердик-техникалык академиясы робототехника, радиотехника жана электроника, астрономия, механика, фиик, конструкциялоо, пескография, квиллинг, шахмат ж.б.у.с. боюнча чебер-класстарды жана көргөзмөлөрдү өткөрүштү.

Римма Султанова, Билим Фестивалынын катышуучусу: «Мен бул фестивалга биринчи жолу эле катышкан жокмун. Алыскы конуштардан келген көптөгөн балдарды жана ата-энелерди көрдүм. Мунун өзү шаардык жашоого интеграция болуу үчүн абдан маанилүү. Аянтчаларда техникага байланыштуу көп эмгектер тартууланды: роботехника, IT технологиялар, билим жарманкеси. Заманбап жашоодо айрыкча жогорку класстын окуучулары үчүн актуалдуу жана пайдалуу болгон мындай саамалыктар өтө кубандырат».

Жогоруда аталган аянтчалар менен бирдикте Фестивалдын аймагында эстеликке сувенирлерди жасоого, өздүк роботуңузду куроого, чопо фигураларды кооздоп боёого, кызыктуу оюндарга жана квесттерге катышууга, “Туруктуу өнүгүүнүн 17 максатын” билип алууга, Ч.Айтматов атындагы Орус драма театрынан спектаклдерди көрүүгө, Балдар менен өспүрүмдөрдүн "Сейтек" Улуттук борборундагы концерттерге катышууга, «3D планетарийден» илимий фильмдерди көрүүгө, Гүл жана кол өнөрчүлөр аянтчаларынан сувенирлер менен гүлдөрдү тандап алууга ж.б.у.с. кылууга болот.

«Жылдыздар балдарга китеп окуп беришет» акциясынын алкагында Фестивалдын эң кичинекей меймандары үчүн алардын сүйүктүү китептерин Ассоль Молдокматова, Анжелика, Юлия Руцкая, Назира Айтбековалар окуп беришти. 

VII Билим Фестивалы Бишкек шаарынын билим жана маданият жашоосундагы эң жаркын маанилүү окуялардын бири болуп калды. Быйылкы жылы Фестивалда эки күн бою 28 ден ашык билим аянтчалары уюштурулуп, 30 000дей адам келип күбө болушту.

«Бул жыл сайын өтүүчү фестиваль. Ошондуктан бул жылы келе албай калсаңыз, анда эмки жылы келгенге сизде мүмкүнчүлүк бар. Албетте кийинки жылы башка аянтчалар, лекторлор, жаңы темалар жана жаңы экспонаттар болот. Мындан дагы кызыктуу жана таасирлүү болот», - дешет Фестивалдын уюштуруучулары.

VII Билим Фестивалынын уюштуруучулары катары Эл аралык « Роза Отунбаеванын демилгеси» коомдук фондусу, Бишкек шаарынын мэриясы, Борбордук Азиядагы Америка Университети ЮНЕСКО, «Сорос-Кыргызстан» фондусу, KICB банкы жана көп сандагы Фестивалдын өнөктөштөрүнүн колдоосу астында уюштурушту.


Маалымат үчүн:

Билим Фестивалы - бул 2013-жылдан бери эл аралык “Роза Отунбаеванын демилгеси” коомдук фондусу тарабынан Бишкек шаардык мэриясы менен бирдикте жана ар кыл мамлекеттик, эл аралык, коомдук жана жаштар уюмдарынын колдоосу астында өткөрүлүп келе жаткан жыл сайын өтүлүүчү билим берүү иш-чарасы.

2013жылдан баштап эки күн бою биз бир аянтта мектептик жана мектептен сырткары билим берүү уюмдарын, ЖОЖдорду, АОЖдорду, музыкалык жана бий жамааттарын балдардын келечек тууралуу кыялдарын реалдуулукка ашыруу үчүн бириктиребиз.

Билим Фестивалынын негизги максаты – өсүп келе жаткан муунда билимге жана чыгармачылыкка болгон кызыгууну ойготуу, балдарды эрте жашынан өз алдынча ой жүгүртүүгө умтулууну калыптандыруу, аларга кесип тандоодо көмөк көрсөтүү, ал эми ата-энелер үчүн билим берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн (акысы жана акы төлөнө турган) кеңири спектри менен таанышуу жана маалымат алуу.


Фоторепортаж


Cсылка: http://festival.roza.kg/gallery/3063

  • Поделиться ...


медиафайлы





Видеогалерея

Педагогические мастерские «ИКТ в образовании: Современный учитель в цифровом пространстве»


Башкалаада VII Билим Фестивалынын экинчи күнү болуп өттү


Бишкекте VII Билим Фестивалы өтөт


VII Фестиваль образования ждет тебя!